Бишкекте коомдук транспорттун иши 25-майдан тарта жанданат. Бул тууралуу бүгүн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.
“25-майдан тарта Бишкекте коомдук унаа: автобустар жана троллейбустар, иштей баштайт. Аралыкты жана санитардык ченемдерди так сактоо боюнча катаал талаптар коюлат. Жүргүнчүлөрдүн баары беткап тагынууга милдеттүү”, – деп билдирди биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов.