Даниэл Ажиевдин СИЗОдо сабалганы айтылууда

741

Улуттар аралык кастыкты козутууга айыпталып жаткан Даниэл Ажиев тергөө абагында сабалганы айтылууда. Анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова жергиликтүү басылмаларга билдирген.

Анын айтымында, 18-майда Даниэл Ажиевдин баш коргоо чарасы узартылышы керек болчу. Бирок Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдразак Боромбаев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өзгөчө кырдаал учурундагы эрежесине таянып, соттолуучу алынып келинбей турганын билдирген. 

Адвокат Ажиевдин сабалганын ишенимдүү айтып, ЖАМК ага эч ким тийбегени тууралуу өзүнүн жазган арызына таянып бул фактыны төгүндөп жатат дейт.

“Тергөө судьясы Абдразак Боромбаев мен тергөөчүлөр менен бирге СИЗОго барып бары жайында экенин көрүп келүүмдү билдирди. Ошондой эле бул боюнча акт түзүп, андан соң сотко айыпталуучунун катышуусуз келишимди айтты. Муну мүмкүн эмес деп эсептейм”,- дейт Токтакунова.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь