“Жунушали Кашкаро”. Тазабек Икрамов министрдин атын туура айта албай ачууланды (видео)

12 753

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү боюнча комитетинин жыйынында дептутат Тазабек Икрамов Ички иштер министринин аты жөнүн туура окуй албай койду.

Бүгүн комитетте КР Аскердик түзүм чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралып жаткан.

Модераторлук кылып жаткан Тазабек Икрамов: “Баяндамачы Ички иштер министринин орун баса…министри Жунушали Кашкаро Астаканович”, -деди.

Баяндамачы катары министр Кашкар Жунушалиев эмес, орун басары Алмазбек Орозалиев келген. Сөзүнөн жаңылып калган Тазабек Икрамов залдагы кызматкерге: “Сен эмне башканы алып келип атасың башты айландырып”, деп ачууланды.

Комментарии

  1. Ужаас, эмне деген шылдың? Элиталарыбыз бул болсо, карапайым элди айтпай эле коёлу? Же микрофонго келгенде эле баары айнып калабы? Тобоо!!!

  2. Шерменде. Уялсан боло, кантип чыдап журосун маскарпоз болуп. Сенде уяла турган бет да к..т болуп бутуп тур.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь