Зайырбек Ажыматовдун ысымы Ак-Жол айылдык маданият үйүнө ыйгарылмай болду

319

Маркум Зайырбек Ажыматовдун ысымы ал туулуп-өскөн айылдын Маданият үйүнө ыйгарылмай болду. Мындай чечим 19-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылдык кеңешинин сессиясында кабыл алынды.

Сессияга катышкан 19 депутат Кыргызстандын Жазуучулар союзунун Ажыматовдун ысымын ыйгаруу тууралуу сунушун бир добуштан колдошту.

Аталган маданий жайга буга дейре эч кимдин ысымы берилген эмес болчу. Эми айыл депутаттарынын чечими Маданият, маалымат жана туризм министрлигине бекитүүгө жөнөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын жана журналист, “Азаттык” радиосунда маданий темаларды чагылдырып иштеп келген Зайырбек Ажыматов быйыл 28-апрелинде 44 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Ал 1976-жылы 27-майда Ак-Жол айылында туулган.

Анын чыгармачылыгында ата мекенди сүйүү, мекенчилдик дух, жарандык бийик сезим, көтөрүңкү маанай өзгөчө орунду ээлейт.

Ажыматовдун адабий чыгармачыл ишмердүүлүгү жогору бааланып, ал Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Басма сөз сыйлыгынын лауреаты болгон.

Булак: “Азаттык”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь