Ирандан Кыргызстанга 3 тоннадан ашуун жардам жүгү келди (сүрөт)

248

Ирандын Мешхед шаарынан Бишкекке 3 тоннадан ашуун медициналык багыттагы гуманитардык жүк келди. Коронавируска каршы күрөшүүгө жумшала турчу гумжардам “Манас” эл аралык аэропортунан кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиянын өкүлдөрүнүн катышуусунда тапшырылды. 

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов Иран республикасынын элчисине ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн гуманитардык жардамы кыргыз тараптын өтүнүчү боюнча берилген, ошондой эле эки мамлекеттин жарандары ушул чартердик рейс менен үйлөрүнө кайтып келе алышкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь