Кой-Таш окуясында “Альфанын” аскерлери аёосуз ур-тепкиге кабылганын айтып беришти

292

Жергиликтүү Kaktus.media агенттиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев берген Кой-Таш окуясына катышкан “Альфа” атайын бөлүгүнүн аскерлердин көрсөтмөсүн жарыялады.

” “Альфанын” кызматкерлеринин көрсөтмөлөрү иштин материалдарынын ачык томдорунан алынган. Мыйзамга ылайык иш сотко өткөндөн кийин жактоочулар материалдарды өзү жактаган кишини коргоо максатында ачыкка чыгарса болот”, – деди Жоошев.

Басылма ондон ашуун жоокердин көрсөтмөсүн жарыялады. Көрсөтмөлөрдө негизинен “Альфанын” командиринин орун басары Үсөн Ниязбековго ок тийген жагдай баяндалат. Агенттик жоокерлердин аты- жөнүн өзгөртүп берген.

Жарыяланган көрсөтмөлөргө караганда, тергөөдө “Ниязбеков кандай кырдаалда жараат алган?” деген суроого, айрым жоокерлер Атамбаевдин үйүнүн 1-кабатында АК-74 куралынан ок тийгенин айтып беришкен. Ал куралды жаалданып тургандар “Альфанын” жоокерлеринен тартып алышканын билдиришкен. Көрсөтмө бергендердин бири АК-74 куралынан ок чыгарган кишини тааный аларын айткан. Ошондой эле айрым жоокерлер Ниязбековго кандайча ок тийгенин көргөн эмес.

Жоокерлердин көрсөтмөсүнө ылайык, Атамбаевдин үйүндө алардын айрымдарынын өздөрүнө дагы ок тийген. Ошондой эле алардын бардыгы тең аёосуз ур-тепкиге кабылганын айтып беришкен.

Тергөөнүн версиясы боюнча былтыр 7-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин атайын даярдыктагы тобу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө барганда анын тарапташтарынын катуу каршылыгына дуушар болгон.

Атайын топтун мүчөлөрү үйдүн короосунан сүрүлүп, айрымдары барымтага алынган. Кагылышууда “Альфанын” командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков атылган октон каза таап, күч түзүмүнүн бир нече кызматкери ар кандай деңгээлде жараат алган.

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия Атамбаевдин тарапкерлери анын үйүнүн үчүнчү кабатынан аткан октон үч жоокер жараат алып, алардын ичиндеги Үсөн Кудайбергенов ооруканадан каза болгонун билдирген.

Булак: “Азаттык”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь