Облус аралык каттамдар качан жанданат? Бороновдун жообу

813

“Кооптуу кырдаалга байланыштуу, облус аралык каттамдарды, ошондой эле аба каттамдарын жүргүзө элекпиз. Бул маселе 25-май күнү дагы бир жолу каралып, эпидемиологиялык абалга байланыштуу чечим чыгарылат”, – деп билдирди КР биринчи вице-премьер министри Кубатбек Боронов.

Анын айтымында, 17-апрелден 18-майга чейин чет жактан жалпысынан 17 авиарейс жана 6 автобус менен 3531 жаран өлкөгө келди.

“Жарандарыбызды башка өлкөлөрдөн уюшкандыкта алып келүү боюнча иштер улантылып жатат”, – деп белгиледи ал.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь