Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу айдын жаңырышына карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот.
Орто-Азия мусулмандары үчүн эл аралык астрономиялык обсерваториялардын тажрыйбаларын пайдалануу менен 2020-жылдын 24 – май, жекшемби күнү Орозо Айт майрамы деп белгиленди.
“Жогорудагы көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусу боюнча бир күнгө айырмалануусу мүмкүн”,-деп билидрет муфтияттан.
Орозо айт майрамы жекшембиге туш болгондуктан, быйыл Кыргызстанда 25-май, дүйшөмбү күн дем алыш болот.