Орусиядагы өзбек студенттерине бериле турган жардамдын суммасы эки эсеге азайтылды

236

Орусиядагы өзбекстандык студенттерге бериле турган бир жолку акчалай жардамдын суммасы эки эсеге азайтылды.

Студенттердин айтымында, Өзбекстандын Орусиядагы элчилиги эмне себептен материалдык жардамдын суммасы убадаланган 12 130 рублден 5 600 рублге азайтылганын түшүндүргөн эмес.

Элчиликтин басма сөз катчысы Шахриёр Тургунбаев студенттерге бериле турган жардамдын кыскартылганын ырастап, бирок анын себебин түшүндүргөн жок.

Орусиянын Москва, Санкт-Петербург шаарлары, Москва жана Ленинград облустарынан башка аймактарында минималдык айлык акы 12 130 рублди түзөт.

Өткөн жумада Өзбекстандын Москвадагы элчилиги коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген карантиндик чаралардан улам Орусияда оор абалда калган өзбекстандыктарга 12 130 рублдан бир жолку акчалай жардам берилерин билдирген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь