Соль-Илецктен келгендерди эмнеге үй карантинине чыгарышты? Түшүндүрмө

330

«Семетей» обсервациясындагы Соль-Илецктен келгендер тууралуу саламаттык сактоо министрлиги маалымат берди.

18-май күнү Россия Федерациясынын Соль-Илецк шаарынан келгендерин арасында түшүнбөстүктөр чыккан. Биз “Семетей” обсервациясына барып, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Андан кийин, обсервацияд штаттык режимде иш улантты. Алгоритмге ылайык, Республикалык штаб ооруп жаткандар менен байланышта болгон 19 жаранды обсервацияда калтыруу чечимин чыгардык. Ал эми, кайталоо анализи терс жыйынтык берген жана Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып чыккан жарандар үй карантинине чыгарылды. Бул жарандарга анкета толтурулуп, үй карантинин сактоо милдеттенмесине кол коюшту, ошондой эле кайсы жерде жүргөндүгүн көзөмөлдөө үчүн мобилдик тиркеме орнотулду. Бардык маалыматтар жер-жерлердеги медициналык мекемелерге жана ички иштер башкармалыгына жиберилди”, – деди Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Кечээ күнү Бишкек жана Чүй облусунда жашаган жарандар үй карантинине чыгарылды. Бүгүнтөн баштап калган жарандар башка региондорго жөнөтүлүшөт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь