Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) видео-конференция форматындагы кезектеги жыйынына катышат.
Беларусь Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган кезектеги жыйында евразия интеграциясын тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери, аны жакынкы жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары жана башкалар каралат.
Эске салсак, ЖЕЭК мүчөлөрү — Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян.
ЖЕЭК жыйынына ошондой эле байкоочу өлкө башчысы катары Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон катышат.