Чүй облусунда мыйзамсыз күйүүчү май саткан жай аныкталды. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын Жайыл жана Панфилов райондор аралык бөлүмүн кызматкерлери салык кызматы менен бирге мыйзамсыз жайды аныкташты.
Сосновка айылынын Биринчи май көчөсүндө жана Кара-Балта шаарынын Жайыл-Баатыр көчөсүндө унаада күйүүчү май сатып жаткандар кармалды.
Бул факт Жазык кодексинин 97-беренси менен КЖБРге каттоого алынды.