21-майдан тарта Калкты тейлөө борбору бардык тармакта иштей баштайт. Уруксат бериле турчу экономикалык ишмердүүлүктүн түрү:
– Калкты тейлөө кызматы: бут кийим оңдоо, эмеректерди чогултуу жана оңдоо;
– Соода тармагы: соода борборлору (адамдар топтолуп тамактана турчу жайлар жана балдар оюн-зоок жайларынан башка); кийим сатуучу дүкөндөр;
– Унаа базар, мал базар;
– Репетиторлордун менчик кызматтары;
– Үй-бүлөлүк мончо жана СПА-борборлор
– Мейманканалар (ичиндеги бассейн жана спортзалдар иштебейт)
Бирок жалпы коомдук мончолор, сауналар азыр ишке киргизилбейт.
Ал эми 25-майдан тарта иштей турчу жайлар:
– Кийим-кечек базары (Дордой, Орто-Сай, Ош, Кара-Суу жана башка базарлар)
– Коомдук тамактануучу жайлар – кафе жана ресторандар 50 дөн көп кардар кабыл албайт жана аралыктары 1,5-2 метрди сакташы керек;
– Театрлардын, музейлердин, көргөзмө залдарынын жана галереялардын, китепкана жана маданий-агартуучу жайлардын ишмердүүлүгү;*
– Коомдук транспорт: автобустар, троллейбустар жана кичи автобустар.