Базардын администрациясы келгендердин аралыгы 1,5-2 метр сакталышын камсыз кылышы керек

334

Соода борборлорунун, дүкөндөрдүн администрациясы жарандардын дене табын ченөөсү жана келгендер үчүн 1,5-2 метр социалдык аралыкты сактоону камсыз кылышы керек. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди. Соода түйүндөрү байланышта болбогон термометр жана антисептикалык каражаттар менен жабдылууга тийиш.

“Базарлардын администрациясы келгендердин социалдык аралыгы 1,5-2 метр сакталышын камсыз кылышы керек. Ошондой эле башаламан соодага жана өтмөктөр ортосундагы иретсиздике жол бербөө боюнча иштерди жүргүзүүлөрү керек“,- деп айтылат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь