Бишкекте айдоочулар мушташып, бирин канжалата сабап салды (видео)

1 108

Бишкекте айдоочулардын чыры мушташ менен коштолду. Натыйжада мушташка катышкандардын бири Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жаткырылды.

Окуя 18-майда саат 18:00дөр чамасында Ахунбаев жана Репин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Жабыркаган жаран милицияга арыз жазып, аны сабаган айдоочуну мурда көрбөгөнүн айткан. Жабырлануучу башка унааны чийип алганда, сабаган айдоочу сүйлөшүү үчүн четке токтогон. Жаңжалдан мушташ чыккан.

Бул факт “Бейбаштык” беренеси менен катталып, учурда кол салган киши изделүүдө. Ошондой эле чырдын келип чыгуу себеби такталууда.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь