Бишкекте 22-майда темир жол өткөөлү аркылуу өтүүгө унаалар үчүн чектөө киргизилет. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өткөөл 22-майда саат 09-00дөн 17-00гө чейин темир жол өндүрүш (оңдоп-түзөө) иштерине байланыштуу 3780 чакырымдагы Бишкек-I, Бишкек-II участогунун Логвиненко көчөсүндө жайгашкан темир жолду кесип өтүү үчүн убактылуу жабылат.
Бул иш-чара патрулдук милиция кызматкерлери жана Бишкек шаардык мэриясы менен макулдашылды.