19-май күнү түнкү саат 00:30дар чамасында Бишкекте патрулдук милициянын унаасынын катышуусунда жол кырсык болду. Бул тууралуу “Элдик медиага” окурман билдирди.

Анын айтымында милиция кызматкеринин унаасы Д.Садырбаев көчөсү аркылуу жашыл түстөн өтүп бара жатканда, Гагарин көчөсүнөн Daewoo Nexia унаасы жарыгын күйгүзбөстөн катуу ылдамдыкта келип милициянын унаасын сүзгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча Daewoo Nexia унаасындагылар мас абалда болгон.

Жол кырсыктын кесепетинен эки милиция кызматкери ооруканага жеткирилип, биринин абалы оор экени айтылды.

 

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 396