Бүгүн, 20-майга карата Ысык-Көл облусунда коронавирустун жаңы 1 учуру катталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Коронавирус аныкталган бейтап — Балыкчы шаарынын 1993-жылы туулган тургуну. Ал 12-мартта Россиянын Москва шаарына учуп кеткен. Москвадан Самара шаарына барып, жеңил унаа алып, аны тралга жүктөп, Казакстан аркылуу 4-май күнү Кыргызстанга алып келген. Андан чек арадагы посттон ПЧР анализ жана экспресс-тест алынганда коронавирус чыккан эмес.
5-майда саат болжол менен саат 03:00 чамасында Бишкек шаарынан өзү алыпкелген «Тойота Камри» унаасын башкарып жалгыз Балыкчы шаарына барган. Ошондон бери үй карантининде болгон.
Бирок 14-майда кайталанып алынган ПЧР анализинин жыйынтыгынан коронавирус аныкталган.
Бейтап үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы. Ал атасы, апасы, жубайы жана 2019-жылы туулган кызы менен байланышта болгону белгилүү болду.
Балыкчыда буга чейин коронавирустун 1 учуру катталган. Ал бейтап дагы Россиядан келген. Ал эми Ысык-Көл облусунда коронавирустун жалпы 14 учуру катталды. Алардын ичинен 10 адам сакайып, ооруканадан чыгарылды.
Булак: turmush.kg