Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын дагы үч кызматкери коронавирус жуктурду

409

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын дагы үч кызматкери коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, №27 абактагы кызматкерлерден аныкталды.

Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен 3 кызматкерден коронавирус чыкты. Алар менен байланышта болгондордон анализ алынды”,- деди Үсөнбаев.

Буга чейин маалымдалгандай, ЖАМКнын 4 кызматкери COVID-19 вирустук инфекциясына кабылган: экөө СИЗО-1, экөө №27 абактын кызматкерлери. Учурда алар дарыланууда.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь