Жанар Акаев: Өкмөт мамлекеттик жыштыктарды сатуудан бюджетке 5 миллиард сом зыян келтирди

300

Жогорку Кеңештин 20-майдагы сессиясында депутат Жанарк Акаев Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатууга байланышкан коррупция маселесин козгоду. Азыркы өкмөт мамлекеттик жыштыктарды сатуудан бюджетке 5 миллиард сом зыян келтиргенин айтты.

Анын айтымында, жакында эле Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова, УКМКнын башкармалыгынын жетекчиси, дагы бир кызматкер кармалды. Өкмөттүн аппаратында иштегендер да сурак берип жатышат.

Ал премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «буга катышы жок экенин далилдесин жана алешемдиктер үчүн жооп берсин» деген талап койду.

«Бул премьер-министрдин уруксаты жок болбойт. Укук коргоо органдары тез арада буга премьер-министрдин катышы барбы же жокпу, иликтеши керек. Ala TV компаниясы жакында 200 мегагерц жыштыгы менен кошо Beeline уюлдук операторуна 1,8 миллион долларга сатылды. Анда телевидение үчүн гана жыштык бар. Ошол эле Beeline биздин Байланыш комитетине караштуу 200 мегагерц телевидениеге багытталган жыштыкты алып, лицензиясын 4G интернетине ылайыктап жасаган. Азыркы премьер-министрдин тушунда аталган 200 мегагерц жыштык 700 сомго сатылган. Муну карап көрүңүз, бекер кетип жатат», – деди Жанар Акаев.

Мындан мурда Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова коррупция үчүн шектүү катары кармалган. Ага уюк байланыш операторлорунун бирине жыштыкты мыйзамсыз кайра каттаган деген айып коюлган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь