Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиев коронавируска кабылганы айтылууда. Жергиликтүү басылмалар жазган маалыматта ал учурда сакайгандыктан, ооруканадан үйүнө чыгарылган.
Маалыматка ылайык, Жаныш Бакиев жана анын үй-бүлөсү COVID-19 инфекциясына кабылганы тастыкталгандан кийин 1-майда Минсктеги клиникалык ооруканалардын бирине жаткырылган. Жакында Жаныш Бакиев ооруканадан чыгарылып, учурда ал жана анын үй-бүлөсү өздөрүн жакшы сезип жатышат.
Бакиевдердин башка ага-инилеринин эч кимиси COVID-19 илдетин жуктурган жок.