“Жат дегенде жатпасаңар…” Талас облусунун жетекчиси обсервациядагыларга катуу айтты (ВИДЕО)

2 347

Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев элге кайрылуу жасап, үйдө отуруп бергилечи деп суранды.

“Ар бир аким, мэр ар кайсы жерде контакт болуп жүрүшөт. Буларда үй-бүлө, бала-чака жок бекен. Кечээ Ноокатка дааватка барып келгендерден обсервацияга жатып тургула деп суранып атсам, “эмнеге менин жүзаарчым” жок кирет экенмин дейт. Биз карабайбыз аларды, алып келип жаткырабыз. Жат дегенде жатпасаңар, милициянын убактылуу кармоочу жайына обсервация ачып коёбуз бир бөлмөгө, ошол жерге жатышат”,- деп катуу айтты.

Мураталиев ошондой эле вотсап аркылуу чагымчыл маалыматтарды тараткандарга айып пул салынарын эскертти.

Эске салсак, Россиядан келген таластык мигранттар обсервациядагы шартка нааразы болгон видео чыгарышкан.

Комментарии

  1. Таластыктар туура тушунгуло, тартип болуш керек! Каалайм-каалабайм деген болбош керек! Губернаторду колдошубуз керек! Азыр согуш убагындай катуу чараларды корушубуз керек. Тартипке конбогондорду, тошко топ эткизип туруп, алып барып камап салгыла! Таза болбой жатышса айткыла, Таластык жигиттер чогулуп барып озубуз эле тынчытып коебуз буларды! Урматтуу Таластын губернатору, МВД, ГКНБ жана башка куч органдары, Кыргызстандыктарга улгу бололу, коркпой-уркпой эле тартипти катуу талап кылгыла! Айтканды укпагандардын колун кайрып туруп, (мыйзам чегинде) алып барып камап салгыла! Провокаторлорду дагы тапкыла да жазага тарткыла! Бир гана тартип жана ынтымак болгондо, женишке жетебиз!

  2. Азыркы кырдаалга тиешелүү тартипке баш иели таластык төркүндөрүм. Жетекчилик өз кызыкчылыгы үчүн чырылдап жаткан жок го, жалпы элдин саламаттыгы үчүн чуркап жатышат. Жок дегенде айтканды угуп, бир аз чыдап бергиле.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь