Кара-Кулжада тажияга катышкан 60 киши үй карантинге алынды

359

Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кочкор айылынын Орусияда каза болгон тургунун жерге берүүгө катышкан 60 адам үй карантинине алынды. Сөөктү алып келген эки кишинин биринин коронавируска тапшырган анализи шектүү чыкканын «Азаттыкка» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын маалыматына караганда, сөөк Орусиядан 18-майда күнү келип, 19-майда жерге берилген.

«Бүгүн анализдер күтүлүп жатат. Азырынча «дарт чыкты» деп айтуу эрте. Жерге берилген адам жүрөк оорудан каза болгон. Коштоп келгендер кайсы жерлерде болгону иликтенип жатат. Бүгүн экинчи ПЦР анализи чыкса так билинет», – деди Аширбаев.

Милиция тажияга көзөмөл жакшы болбой калганын моюнга алды. Буга чейин тажияларга көп адамдын катышуусуна тыюу салынган.

Учурда сөөктү коштоп келген эки жаран обсервацияда. Алардан кайталанып алынган ПЧР-тесттин анализинен кийин гана COVID-19 бар же жок экени анык болот.

Республикалык штабдын 20-майга карата маалыматында, COVID-19 илдети 1270дан табылды. Алардын ичинен Ош облусу боюнча 197 учур, Кара-Кулжа районунан бир учур катталган.

Булак: “Азаттык”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь