Сокулук районунун Күн-Туу айыл аймагында 18-май күнү саат 23:30 чамасында Күн-Туу айылында ылдамдыгы болжол менен секундасына 16 метрге жеткен шамал катталган. Анын кесепетинен 2015-жылдан бери иштебеген (авариялык абалда) Б.Жамгырчинов атындагы орто мектебинин 250м2 темир чатырын (тунуке) учуруп кеткен деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.
Жерине тактоо иштерине ӨКМдин Сокулук райондук бөлүм башчысы жана ЖК комиссиясы тартылган. Тактоо иштердин натыйжасында акт түзүлгөн.