Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Нурсултан Кубановдун үйүн тоноп кетишти. Бул туурасында өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында окуя 19-майга караган түнү болгон. Алар уктап жатканда ууруга киргендер үйдөн акча каражатын жана техникаларды көтөрүп кеткен.
Кубанов милицияга кайрылганын белгиледи.
“Мен укук коргоо органдарына расмий арыз менен кайрылдым. Бирок азырынча алардан жыйынтык күтпөй элемин, себеби чакыруудан кийин 2 саатта келишти. Акча же техника бул маселе деле эмес, мага эң башкысы макбукту кайтарып беришсе жакшы болмок. Ал жакта көптөгөн материал жана документтер бар болчу”,- деп жазат Кубанов.