Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Архитектура башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу 20-майда “Элдик медиага” Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдирди.
Финполициянын кызматкерлери ыкчам-тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында, акча талап кылууга шектелген Сузак районунун архитектура жана шаар куруу Башкармалыгынын жооптуу кызматкери Ж.Т.ны акча алып жаткан жеринен кармашты.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.