Өкмөт Жанар Акаевдин билдирүүсүн негизсиз деди

362

Депутат Жанар Акаевдин премьер-министр М.Абылгазиевдин байланыш чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга тиешеси бар деген билдирүүсү негизсиз. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Териштирүү иштери жүрүп жатканы боюнча маалыматыбыз бар. Өкмөттүн тергөө иштеринин жүрүшү боюнча комментарий берүүгө укугу жок. Анткени бул тергөөнүн жүрүшүнө басым жасоо катары кабыл алынат. Зарыл болгон учурда премьер-министр жана Өкмөттүн өкүлдөрү тергөөнүн алкагында иштин жагдайын объективдүү жана ар тараптуу иликтөө кызыкчылыгына түшүндүрмө берүүгө даяр”, – деп айтыла өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Белгилей кетсек, депутат Жанарк Акаев Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатууга байланышкан коррупция маселесин козгоп, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «буга катышы жок экенин далилдесин жана алешемдиктер үчүн жооп берсин» деген талап койгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь