Абылгазиев жыштык сатууда өз дарегине айтылган айыптоону четке какты

341

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин 21-майдагы жыйынында жыштык сатуу боюнча өз дарегине карата айтылган сынга жооп берип, аны четке какты. Ал депутат Жанарбек Акаевдин айткандары негизсиз экенин билдирди. Өкмөт 2019-жылы жыштыктардын абалын текшерүүнү чечкенин кошумчалады.

“Менин дарегиме айтылагандардын баары имиш сөздөр. Менин аброюма, өкмөттүн дарегине сөздөр айтылды. Мунун бары Жанар Акаевдин өзүнүн абийиринде. Мамлекет убактылуу пайдаланууга берген жыштыкты бир компания экинчи компанияга сатып жатыптыр. Биз мунун туура эместигин айтып, мыйзам түрүндө чек коюшубуз керек дедик. Мен өкмөт башчы катары Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына тапшырма берип, текшерүү иши жүргүзүлүп жаткан. Кийин “Ала ТВ” дагы убактылуу берилген жыштыкты “Билайнга” сатып жатканы билинди. Мамлекеттик кызматкерлер аралашкан бул фактыларды Аскер прокуратурасы илитеп жатат. Менин бул жерде эч кандай күнөөм жок”, – деди өкмөт башчы.

Жогорку Кеңештин 20-майдагы сессиясында депутат Жанарбек Акаев «премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул ишке катышы жок экенин далилдесин» деген талап койгон.

Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатуудагы коррупциялык иш үчүн шектүү катары беш киши камакка алынганын, өкмөттөгү айрым жогорку кызмат адамдары да сурак берип жатканын аскер прокурору Нуркамал Набиев парламенттин бүгүн, 21-майдагы сессиясында билдирген.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь