Онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүндө коронавирус жуктурган 14 адам катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 21-майда билдирди.
“Бишкек шаарындагы Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүнө вирус киргендиги белгилүү. Жыйынтыгында, 120 адам текшерилип, алардын 14дө коронавирус аныкталган. Коронавирус инфекциясын 1 дарыгер, 2 медайым менен борбордо дарыланып жаткан 3 эне жана 8 бала жуктуруп алышкан.
Инфекциянын булагы алдын-ала аныкталып, эпидемияга каршы чаралар жүргүзүлдү. Вирус жуктургандар үчүн обсерватор жана балдарды дарылоо үчүн бөлүм ачылды. Балдар атайын дарылоо курсунан өтүшөт. Ал эми, COVID-19 тастыкталган медкызматкерлер дарылануу үчүн стационарга жайгаштырылат”, – деди Саламаттык сактоо министринин орун басары Н.Усенбаев.
Балдар бөлүмү коронавируска байланыштуу карантинге жабылганы 20-майда белгилүү болгон. Борбордун директору Эрнис Тилеков небересин карап жаткан бир чоң эне ооруканадан 4-майда чыгып кеткенин, 16-майда андан жашаган жеринен (Панфилов району) коронавирус табылганын, ошого байланыштуу бөлүмдөгүлөрдүн баарынан, жалпысынан 120 адамдан анализ алынганын айткан.