Батукаевди экстрадициялоо: 2021-жылы Россия тарап ишти кайрадан кароого даяр

238

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Башкы прокурордун 2019-жылга карата мыйзамдуулуктун абалы боюнча отчетун кароодо.

Талкуу маалында депутат Жыргалбек Турускулов чет өлкөдө жазасын өтөп жаткан жарандардын туугандарынан кайрылуулар көп келип жатканын белгилеп: “Камалгандар менен жолугушуу уюштуруу өтө оор. Башкы прокуратура аларды Кыргызстандагы түзөтүү мекемелерине которуу боюнча кандай чараларды көрүп жатат?”, – деп сурады.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2019-жылы камактагы 144 экстрадицияланганын маалымдап, алардын көпчүлүгү Россия менен Казакстандан экенин билдирди.

Ошондой эле эл өкүлү Жыргалбек Турускулов кримтөбөл Азиз Батукаевди берүүнү талап кылуу жаатында Кыргызстан кандай жыйынтыкка жетишкенине кызыкты.

Өз кезегинде Өткүрбек Жамшитов кайрылуу жөнөтүлгөнүн жана 2021-жылы Россия тарап ишти кайрадан кароого даяр экендиктерин белгилешкенин маалымдады. Буга Азиз Батукаевдин 2017-жылы төрт жылга соттолуп, учурда жазасын өтөп жаткандыгы себеп.

Сөз соңунда депутат көзөмөл органын мыйзам үстөмдүгүн орнотуу багытындагы чараларды күчөтүүгө чакырып, прокуратуранын ишинин ачык-айкындуулугу калктын ишениминин өсүшүнө жол ачарын кошумчалады.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь