“Беспределге жол бербейм” Башкы прокурор Карамушкинанын кылмышы далилденгенин айтты

647

Депутат Ирина Карамушкина Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго ишенбөөчүлүк көрсөтүп, анын отставкасын талап кылды. Карамушкина Башкы прокурор кайрылууларга тандалма мамиле жасап, ага карата козголгон кылмыш ишти саясий буйрутма деп эсептеди.

Ал эми Өткүрбек Жамшитов депутатка төмөндөгүдөй жооп берди: “Ирина Юрьевна сиз бүгүнкү күндө өзгөчө оор кылмыш иши боюнча шектүү адамсыз. Сотто сиздин иш каралып жатат. Эч кандай саясий буйрутма жок деп айтамын. Жөнөкөй укук коргоо органдары үчүн кылмышты ар кандай боёк бергениңиз туура эмес. Убагында жакшы эле мыйзам угуп келип койгондо мындай болмок эмес. Каалаганымды кылам дегендин натыйжасында “Альфанын” кызматкери каза болуп канча адам ыйлап отурат. Бүгүнкү күндө элди ар кандай бүдөмүк ойго түртүп социалдык тармакта таратып жатасыңар. Сиздин кылмышыңыз кылмыш материалдар менен далилденген. Кайрылуулар боюнча беспределге жол бербейм“, -деди Өткүрбек Жамшитов.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь