Оренбургдан учуу алдында Кыргызстандын жараны жасалма паспорт менен кармалды

351

Оренбургдан учуу алдында Кыргызстандын жараны жасалма паспорт менен кармалды. Бул тууралуу элчиликтен билдирди. Аялга карата кылмыш иши козголду.

Мындан тышкары эки кыргызстандыкта Россиянын паспорту болгондуктан чек арадан өтө алган жок.

Түндө Оренбург-Бишкек каттамы менен Кыргызстанга 167 жаран учуп келишти. Жакынкы убакта дагы 400 жаранды автобус менен алып кетүү пландалып жатканын элчиликтен белгиледи.

“Москванын «Добрынинская» метросунда көз боёмочулар элчиликтин бланктарын сатууга аракет кылып жатышат. Белгилей кетсек, бланкалар акысыз таратылат”,- деп элчилик мекендештерге эскертүү берди.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь