“Таарынбаңыздар” Депутат Исхак Масалиев мандатын тапшырып кетти

1 197

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бүгүн 21-майда парламентте кайрылуу жасап, 25-майда өз эрки менен мандатын тапшырарын билдирди.

Ал депутаттыктан кетээр алдында, спикердин жана өкмөттүн ишин катуу сындады. Төрт жарым жыл иштеп, шайлоочулардын үмүтүн актабай калган болсом кечирим сурайм деди.

“Чычалабай, таарынбаган киши төрагалыкка жете алат. Көп учурда сиз Өкмөткө адвокат кылып жатасыз. Бул сиздин профессионалдык жетишсиздигиңиз. Сиз жашсыз дагы өсөсүз, бирок таарынып чычалап турсаңыз өсө албайсыз“,- деп Дастанбек Жумабековго кайрылды.

Мындан тышкары “Өкмөт кулакка лапшаларды илип, бизди тоготпогон мамилесин сезип жатам”,- деди.

“Мен мамлекетиме, элиме кызмат кылууга даярмын, бирок бул курамда депутат катары мүмкүн эмес болуп калды. Таарынбаңыздар”,- деп сөзүн жыйынтыктады.

Төрага Дастанбек Жумабеков бүгүн 21-майда Исхак Масалиевдин туулган күнү экенин белгилеп, депутатка ийгиликтерди каалады.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь