Депутат Тазабек Икрамов “Шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Анда ал коррупция менен соттолгондордун жана шектелип жаткандардын балдарын парламенттик жана жергиликтүү шайлоого катышпашы керек дейт.
“Коррупционерлер, алардын балдары жана жакындары шайлоого катышпашы керек. Чет өлкөдө кыймылсыз мүлкү жана банктык эсеби бар Кыргызстандын жарандары дагы шайлоого катышуу укугунан ажыратылсын. Бул коррупция менен соттолгондорго дагы тийиштүү“,- дейт Тазабек Икрамов.