Түркмөнстандын Мары облусунда катуу бороондон кийин экономикалык көйгөйлөр ого бетер курчуп, тургундар мал-мүлктөрүн, автоунааларын, зер буюмдарын өтө төмөн баада сатууда.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысына интервью берген жергиликтүү жашоочу катуу бороондон кийин бийлик жардам бербей жатканын билдирди:

– Кыйраган чатырларды, дубалдарды өз эсебибизден кайра оңдоого туура келүүдө. Алар бизге жардам бермек түгүл коммуналдык төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүнү талап кылышууда. Балдарга тамак-аш, кары-картаңдарга дары алганга акча калбай калды.

Анын айтымында, жашоочулар мал-мүлкүн базар баасынан төмөн сатууга аргасыз болушууда.

Жергиликтүү тургундар банк карталарынан айлык акы, пенсия жөлөк пулдарын дагы ала албай жатат.

Түркмөнстан бийлиги жана мамлекеттик басылмалар калк туш болгон көйгөйлөр тууралуу үн ката элек.

Өлкөдө 27-апрелде катуу бороон болуп, ондогон үй кыйраган.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 59