Бишкек шаарынын Масалиев жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде кафеден өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм жана Штаб тартылган. Мындан сырткары ИИМ кызматкерлери жана 1 суу ташуучу унаа тартылган. Кошумча маалымат берилет.
Айрым маалыматтарда кампада жарылуу болду. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, кампада катуу жарылуу болуп, андан кийин өрт башталган.