Садырбаев көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май сактоочу ангардан чыккан өрт саат 11:24тө чектөөгө алынган. Өртттүн кесепетинен ангар, 2 кабаттуу турак-жайдын чатыры күйгөн, болжол менен 640 м2 түзөт.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракеттеринин натыйжасында, өрт жакын жайгашкан кафе, башка турак жайларга өткөн жок. Жабыр тарткандар жана каза болгондор жок деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.