Куршабда айдоочу 12 жаштагы баланы сүзүп качып кеткен

310

Өзгөн районунун Куршаб айылында «Хонда Джаз» унаасынын айдоочу 12 жаштагы баланы сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Жол кырсыгы 20-майда саат 22:00дөр чамасында катталган. 2008-жылы туулган О.Б. аттуу бала алган жаратынан улам жергиликтүү ооруканага түшкөн.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында сүзүп кеткен айдоочу 2 сааттан кийин эле табылып, ал 1948-жылы туулган А.Т. аттуу Өзгөн районунун жашоочусу экени аныкталды.

Аталган факт КЖБРге каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды жана унаа айып короого токтотулду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь