Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 22-майда Кыргыз Республикасына “Урал Авиалиниялары” авиакомпаниясынын “Екатеринбург-Бишкек-Екатеринбург” каттамы боюнча чартердик рейс учуп келди. Бул рейс Кыргызстандан Россиянын жарандарын алып чыгып кетүү үчүн Россия тарабынан уюштурулган.

Россия тарабы менен жетишилген макулдашууга ылайык, аталган рейс менен Екатеринбург, Тюмень, Челябинск, Сургут, Санкт-Петербург жана Ханты-Мансийсктен Кыргыз Республикасынын 22 жараны келди, алар оор илдеттерине, башынан өткөргөн татаал операцияларына жана чоӊ мөөнөттөгү кош бойлуу болгондугуна байланыштуу Кыргызстанга ыкчам түрдө кайтарылууга муктаж болгон.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат.

Кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча иш-чаралар президент койгон тапшырмалардын алкагында ишке ашырылууда, алар туруктуу негизде, ошондой эле өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосунда жана кызматташуусунда иштелип жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 58