21-майда Ош облусунун Алай районунун Талды- Суу айыл аймагына Памирден келген кыргыз боордошторго үй куруу иштери башталды. Курулушту баштоо салтанатына Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым өкүлү Узарбек Жылкыбаев катышты. Бул үйлөр республикалык казынадан каржыланып, сметалык баасы 10 млн сом. 1,2 ГА аянтка 4 бөлмөлүү 7 үй курулат жана ага Нарында жашап жаткан Памирлик боордоштор көчүрүлүп келинет. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Мындан тышкары, алыскы шарты катаал Талды- Суу айыл аймагындагы Арча – Булак айылында жаштарды спорт менен алектенүүсүнө шарт түзүү максатында жергиликтүү бюджеттен заманбап спорт зал курулуп жатат. Обьекттин сметалык баасы 9.7 млн сомго бааланып, иштин 80 пайызы аяктап калган. Карантиндик кырдаалга байланыштуу дагы 1,2 млн сом которула элек. Ал каражат которулса, курулуш иштери жыйынтыкталып, жабдуу алынат.

Балдарды колдоо программасынын алкагында жергиликтүү казынадан дагы бир обьект курулуп бүткөн. Бул айылдык бала бакчага кошумча корпус 2.7 млн сомго аткарылган. Учурда ички жабдууларына 1 млн сом каржы керектелет. Аталган корпус колдонууга берилсе, бакча дагы 75 баланы кабыл алат.

Мындан сырткары ушул эле айылда 280 ГА үлүш жерге суу чыгаруу максатында АРИС тарабынан каржыланган таза суу долбоору менен таанышты.учурда жалпы баасы 700 миң сомдук түтүктөр алынып келип, 2км аралыкта казуу, орнотуу иштери кызуу жүрүп жатат жана ушул жылдын аягына колдонууга берүү пландалган.

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 114