Ошто баңгизат менен алектенген активдүү топтун мүчөсү кармалганын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Шектүү Оштогу кызматкерлер тарабынан атайын операциянын жүрүшүндө кармалган.
ИИМден анын жанынан мыйзамсыз жүгүртүлгөн салмагы 1 килограмм 47 граммды түзгөн героин табылганы кабарланды. Кармалган киши убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдардын өздүгүн тактоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүүдө.
Аталган факты Жазык кодексинин «Баңгизаттарды, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.