Пакистанда Карачи аэропортунан анча алыс эмес жерде жүргүнчү ташыган учак кыйрады. «Reuters» маалымат агенттиги «Пакистан эл аралык аба жолдору» компаниясына таандык учактын ичинде 107 жүргүнчү болгонун жазды.
Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары учак Лахордон Карачиге учуп келатканын, коноруна бир мүнөттөй калганда кырсыктаганын билдиришти.
Окуя болгон жерде бир канча турак жай кыйрады. Кырсык болгон жерге аскерлер жана куткаруу кызматтары барышты. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Учактын кыйрашынын себептери айтыла элек.
Pia Plane airbus 320 crash near karachi airport,hits 4 to 5 houses,91 passenger onboard.#planecrash pic.twitter.com/NtetVn0BzM
— Khurram Ansari (@khurram143) May 22, 2020
#PIA لاہور سے کراچی پی آئی اے کا جہاز لینڈنگ کرتے ہوئے شہری آبادی جناح گارڈن میں گر کر تباہ
95 مسافر سوار تھے
اللہ سب خیر رکھے۔
آمین ثم آمین pic.twitter.com/dgbJPjR6Vn— Dr. Fiza Akbar Khan (@Dr_fizakhan) May 22, 2020