Россияда каза болгон дагы үч Кыргыз Республикасынын жаранынын сөөгү 21-майда мекенине жиберилди. Бул тууралуу Мигрант кайрымдуулук фондунун мүчөсү Белек Садиров билдирди.
“Аллахтын буйругу менен 20, 21-майда каза болгон 3 мекендешибиздин сөөгүн Кыргызстанга узаттык. Маркумдар ыйык Рамазан айынын кадыр түн кечесинде каза болушкан эле. Жакындарынын кайгысын бөлүшүү менен биргеликте сабыр айтабыз. Жарандардын сөөктөрү Ош, Талас жана Ысык-Көл облустарына жеткирилет”, – деди Садиров.
Каза болгон жарандар коронавирустан эмес, ар кандай себептерден кайтыш болгон.
Опубликовано Белеком Садировым Четверг, 21 мая 2020 г.
Опубликовано Белеком Садировым Четверг, 21 мая 2020 г.
Опубликовано Белеком Садировым Четверг, 21 мая 2020 г.