Сокулукта айдоочу блокпостто турган аскер кызматкерин сүзүп кетти

449

Сокулук районунда Subaru Legacy унаасынын айдоочусу блокпостто турган аскер кызматкерин сүзүп кетти. Бул тууралуу 24.kg  өздүк булактарына таянып жазды.

Такталгандай, аскер кызматкери айдоочудан документ сураган, бирок ал көрсөтпөстөн сүзүп кеткен.

“Алдын ала маалыматтар боюнча окуя кечээ саат 21:00дөр чамасында Кара-Сакал айылында болгон. Subaru батыштан чыгышты көздөй бара жаткан. Ал жоокерди сүзгөндөн кийин бакты барып сүзгөн. Жабыркаган аскер кызматкери Бишкектеги травматология жана ортпедия илимий-изилдөө борборуна жаткырылды“,- деп жазат аталган басылма.

Чүй ЖКККББ маалыматты тастыктап, автоунаа айып короого токтотулду. Тийиштүү документтер Сокулук РИИБне өткөрүлдү.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь