ФИФА Ысык-Көлгө спорт комплекс курууну пландаштырып жатат

560

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев Ысык-Көл районуна караштуу Кара-Ой айыл өкмөтүнө болгон иш сапарынын алкагында Футбол ассоциацияларынын эл аралык федерациясы (ФИФА) спорт комплекс кура турчу жерди көрүп маалымат алды.

ФИФА, спорт аянтчасын жана дене тарбия ден соолукту чыңдоо борборун куруу кызыкчылыгын билдирген. Анда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылынын түштүк-батыш тарабындагы жер ылайык деп табылган. 17,72 гектарды түзгөн ал жер, жайыт катары мамлекеттин менчигинде турат. Ал жерди дене тарбия, ден соолукту чыңдоо борборун куруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлерине жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу боюнча тийиштүү жерге жайгаштыруу кагаздары даярдалган.

Президенттин тапшырмасына ылайык, жер тилкесине футбол ассоциацияларынын эл аралык федерациясы кызыкдар болгон спорт аянтчасына дене тарбия, ден соолукту чыңдоо борборун курууга каржылык жагы, айыл чарба жоготууларын төлөө жагы Футбол ассоциацияларынын Эл аралык федерациясынын жана Азия футбол конфедерациясы камсыздаары билдирилген.

Өкмөттүн 2020-жылдын 11-майындагы №246 “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Кара-Ой айыл аймагындагы жайгашкан жерлерди айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу тууралуу токтому кабыл алынган.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь