Элчилик: Оренбургда Кыргызстандын жараны калган жок, бардыгы автобус менен чыгып кетишти

564

Бүгүн 22-майда Оренбург облусунан Бишкекке Кыргызстандын 448 жараны жиберилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдирди.

Кыргызстан жана Казакстандын өкмөтүнүн макулдашууларынын негизинде, Бузулук районунда топтолгон жарандар Оренбург шаарынан 9 автобус менен жөнөтүлдү.

Казак тараптын шартына ылайык, кетип жаткан жарандардын бардыгы медициналык текшерүүдөн өтүп, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү күбөлүктөр берилди.

“12 айдоочу унааларын тралдарга жүктөп, автобус менен чыгып кетишти. Ал эми калган айдоочулар мурда жашаган жерине кетти. Ошентип Оренбург облусунун аймагында, анын ичинде Соль-Илецк шарында жана Бузулук районунда бир дагы Кыргызстандын жараны калган жок”,- деп билдирет элчиликтен. 

Элчилик Оренбург облусунун губернатору Денис Паслерге ыраазычылык билдирди.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь