Өзгөндүн тургуну күйөөсүнүн жылдыгын өткөрүүнүн ордуна жол оңдотуп берди

376

Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагынын тургуну, баатыр эне Матаева Айша күйөөсүнүн жылдыгын өткөрүүнүн ордуна Эрдик айылынын 4,5 чакырым жолун сүрдүрүп, шагыл төгүп, оңдотуп берди. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан билдирди.

“Учурдагы кырдаалды эске алып жана ыксыз ашыкча чыгымдарды кыскартуу максатында Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагында жакшы жөрөлгө башталып олтурат. Башка жарандарга да үлгү болуучу бул демилгени Айша апа көтөргөнү менен куру намыска алдырышпай, соопчулук иштерди баштаган маркумдун балдарынын демилгесин алкагандар болууда“,- дейт өкүлчүлүктөн.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь