Батирлерден мүлктөрдү уурдагандардын кылмыштуу тобу кармалды. ИИМден билдиргендей, алар республиканын бир катар аймактарында уурулук менен алектенишип, аларды кармоо учурунда көп сандаган уурдалган буюмдар табылган.

Ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында, мурда соттолгон Нарын облусунун тургуну 1998-жылы туулган М. Уулу У. аттуу жаран кармалган. Антыкталгандай, ал жатак-абагынан качып, жашырынып жүргөн. Аны менен кошо мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган Жалал-Абад облусунун тургуну 1997-жылы туулган А. Уулу К. дагы колго түштү.

Андан сырткары, жогорудагы кылмыштарга тиешеси бар шаардын жашоочусу болгон үчүнчү жарандын өздүгү такталып, учурда ал жашырынып жүрүүдө. Алынган маалымат боюнча үчөө тең жазасын өтөп жаткан кезде тергөө абагында таанышкандыгы малым болгон.

Бишкек шаарынын көп кабаттуу үйдүн короосунда шектүүлөрдүн бирине таандык «Toyota Vitz» үлгүсүндөгү автоунаа табылган. Алар бул унаа менен уурдалган мүлктөрдү ташып жүрүшкөн. Шектүүлөрдүн жана сатып алып кайра сатып жүргөндөрдүн жашаган жерине тинтүү жүргүзүү учурунда уурдалган буюмдар табылган: сыналгы, кир жуучу машина, саат жана, алтын жасалгалары жана башка буюмдар.

Кармалган жарандардын шаардын жана региондордогу бир катар уурулукка тиешеси бардыгы аныкталды. Алсак, Ленин району-22 факты, Октябрь району-2 факты, Чүй облусунун Сокулук району-2 факты. Андан сырткары, үй уурулары республиканын түштүк аймагында дагы Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында 4 уурулук фактысына тиешеси бардыгы тастыкталды. Бардык фактылар КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурулук) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Уруулар тобу өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурундагы дагы уурулук менен алектенип жүргөндүгүн белгилеп кетүү керек. Болжолдуу алдын ала маалыматка караганда, кылмышкерлер 30 уурулук фактыларына тиешеси бар.

Соттун чечими менен кармалган жарандар эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы каралды.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 243