Мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин аялы кылмыш жолу менен табылган кирешени мыйзамдаштырган деп шектелүүдө. Бул тууралуу 22-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, «2010-2017-жылдары Шадиев «мүлктүн кылмыштуу булагын жашыруу максатында жубайы Асел Шадиевага каттатып койгон» жана азыркы тапта буга байланыштуу кылмыш иши тергелип жатат.

УКМКнын басма сөз кызматы: «Экөөнө тийиштүү активдер жана алардан көргөн кирешеси ошол кездеги бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн суммадан кыйла көп. Иш боюнча чогулган материалдар Асел Шадиева кылмышка катышканын айгинелеп турат. Тергөө ага тийиштүү юридикалык баасын берди» деп билдирди.

Атайын кызмат ошону менен катар Жазык-процессуалдык кодекстин 18-беренесине ылайык жазык соттук териштирүү тең укуктуулук жана тараптардын атаандаштыгынын негизинде жүргүзүлөрүн белгилеп, Шадиева өзүнүн актыгын далилдей турган түшүндүрмөлөрүн бергени туура болорун эскертти.

Башкы прокуратура алгач Шадиевге карата КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганына байланыштуу «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Шадиевдин качып кеткени, АКШда жүргөнү кабарланып, «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча да иш ачылган. 2018-жылдын 25-декабрында Биринчи май райондук соту бул иштер боюнча чечим чыгарып, Шадиевди он жылга эркинен ажыраткан. Үй-мүлкү конфискацияланып, ага издөө жарыяланган.

Мындан тышкары, Шадиевге «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренеси боюнча да айып коюлган.

Макала жактыбы?

НетДа
1
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 134