Каракол шаарында Ысык-Көл облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору пара талап кылууга шектелип кармалды. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Башкы прокуратуранын ички иликтөө кызматы менен бирге Жети-Өгүз районунун улук прокурорунун жардамчысы 1982-жылы туулган К.А.ны 22-майда 150 миң сом алып жаткан жеринен колго түшүрдү.
Прокурордун жардамчысы жазаны жеңилдетип берүү чечимин кабыл алып берем деп 2000 миң доллар талап кылган.
Бул факт “Пара талап кылуу” беренеси менен КЖБРге катталып, кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Качан токтойт булар тойбой тойсода жарылбай койушту